• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Айып салынат". ЖКККББ эскертме барактарын таратты

Коом 0

Бишкек, 07.12.22. /Кабар/. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) үгүт насаат бөлүмү тарабынан атайын чылым чегүүгө болбостугун эскерткен барактар таратылды. Бул тууралу ЖКККББнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эскертмек баракчалары мамлекеттик мекемелерге (акимиат, жогорку окуу жайлар, имараттар), унааларга май куюучу жайларга жана шаардагы ири соода түйүндөрүнүн кире беришине чапталган.

Андан тышкары, үгүт насаат бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан чылым чегүү жана аны түтөтүү коопсуздукка чоң коркунуч алып келери айтылып, тыюу салынган жайларда чыгым чеккендерге мыйзам чегинде жоопкерчилик каралгандыгы эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий