• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Экономика министри Ага Хан өнүктүрүү тармагынын дипөкүлү менен кызматташтыкты талкуулады

Экономика 0

Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Ага Хан өнүктүрүү тармагынын дипломатиялык өкүлү доктор Бархат Фазал жолугушту.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу 12-мартта өттү. Анда тараптар ханзаада Рахим Ага Хандын Кыргыз Республикасына ийгиликтүү сапарын белгилешти, анын жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын март айынын башында өлкөнүн жогорку жетекчилиги менен жолугушуусу болгон.

Б.Фазал мындай жолугушуулар Кыргызстан менен маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча мындан аркы жана жемиштүү кызматташууга түрткү берерине ыраазычылык билдирди.

Андан ары министр Амангелдиев өлкөдөгү экономикалык өсүшкө багытталган реформалар тууралуу маалымат берди.

Ошону менен бирге тараптар жашыл экономика, гидроэнергетика, билим берүү, туризм сектору жана кичи орто бизнести колдоо жаатындагы кызматташуу боюнча пикир алышты.

Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө, анын ичинде Чакан ГЭСтерди жана Камбар-Ата ГЭСтерин куруу долбоорлоруна өзгөчө көңүл бурулууда.

Мындан тышкары, министр учурда Кыргызстандын туризмин жана экономикасын өнүктүрүүнүн маанилүү компоненти болуп саналган өлкөнүн аймактарында тоо туризминин кластерин түзүү долбоору боюнча иштер жүрүп жатканын баса белгиледи. Ошол эле учурда Бишкек шаарына жакын жерде жаңы “Байтик Резорт” эс алуу жайын куруу маселеси жана “Үч чоку” тоо лыжа туризминин кластерин түзүү долбоору каралууда.

Соңунда келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мындан аркы аракеттерди аныктоо үчүн тараптардын эксперттик деңгээлинде жолугушууларды уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий