• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарындагы Ала-Буга айыл аймагынын жоон топ кызмат адамдары кармалды (видео)

Укук тартиби 0


Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагынын башчысы, анын орун басары, мамлекеттик органдардын жана жеке фирмалардын жетекчилери кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык мамлекеттик органдардагы коррупцияны аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында УКМКга Нарын облусунун Ак-Талаа районунун мамлекеттик органдарында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча маалыматтар келип түшкөн.

Аталган фактынын негизинде УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жыйынтыгында бөлүнгөн гранттарды сатып жаткан Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагынын жетекчилиги курулуш объектилерине жооптуу мамлекеттик органдардын жана жеке фирмалардын жетекчилери менен тил табышып, бүткөрүлө элек футбол аянтчасын жана маданият үйүн капиталдык оңдоону мыйзамсыз пайдаланууга алышкандыгы аныкталды. Натыйжада мамлекетке жалпы суммасы 3 млн 400 миң сомдук зыян келтирилген.

Үстүбүздөгү жылдын 11-мартында жүргүзүлгөн ыкчам – иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 7 адам - Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагынын башчысы С.М.Д., анын орун басары А.К.И., Нарын аймактык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын улук инспектору М.З.М., Ак-Талаа райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жетекчиси А.Р.К., "Кыргызбилдкомпани" ЖЧКсынын директорунун орун басары И.С.Р. , “Эл-Эр” ЖЧКсынын директорунун орун басары Н.К.Ч. жана курулушка жеке техникалык көзөмөл жүргүзүүчү К.Н.Ж. кармалып, КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 97-беренесине ылайык, Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

КР УКМК тарабынан Ак-Талаа районунун мамлекеттик органдарынын бул укукка каршы жосундарына тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча мындан аркы ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий