• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Алдамчылыкка айыпталган жаран Польшадан Кыргызстанга экстрадицияланды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.12.22. /Кабар/. Алдамчылык фактысы менен айыпталып, чет өлкөдө жашырынып жүргөн жаран Польшадан алынып келди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура 14 жаранга карата 77 млн сомдук зыян келтирип, алдамчылык фактысы менен айыпталган Б.М. аттуу жаранды Польшадан экстрадициялоо боюнча аталган өлкөнүн Юстиция министрлиги жана Улуттук прокуратурасы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген.

Жыйынтыгында кечээ, 1-декабрда айыпталуучу Б.М. КР ИИМнин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Интерполдун улуттук борбордук бюросунун кызматкерлеринин коштоосунда Кыргызстанга алынып келди.

Белгилей кетсек, айыпталуучуга карата Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун өндүрүшүндө турган кылмыш иш боюнча эл аралык издөө жарыяланган. Ал Польша мамлекетинде Румыния жаранынын жасалма паспорту менен жашырынып жүргөнү белгилүү болду.

Пикир

Оставить комментарий