• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстандын гимнинин автору Жалил Садыковдун 90 жылдык мааракеси белгиленет

Маданият 0

Бишкек, 02.12.22. /Кабар/. Кыргыз ССРинин эл акыны, драматург, котормочу, Кыргызстандын гимнинин авторлорунун бири Жалил Садыковдун 90 жылдык мааракеси белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Анын урматына театралдык жумалык жарыяланат. Жумалык 2022-жылдын 6-10-декабрына чейин өтөт.

Анын алкагында бир катар иш-чаралар өтөт:

- 6-декабрь күнү саат 18:30да Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын "Манастын уулу Семетей" спектакли (автору Ж. Садыков) коюлат;
- 7-декабрь күнү саат 12:00дө жана 18:30да Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында “Учур” Мамлекеттик жаштар театрынын “Ак-Мөөр” спектакли (автору. Ж. Садыков) коюлат;
- 8-декабрь күнү 13:00дө жана 18:30да Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында “Төлгө” спектакли (автору Ж. Садыков) коюлат;
- 10-декабрь күнү саат 11:00дө Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда Жалил Садыковдун 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтөт.

Эскерте кетсек, Жалил Садыков Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Кичи-Кемин айылында 1932-жылы 23-октябрда туулган.

Садыковдун “Убада” аттуу алгачкы ыр жыйнагы 1958-жылы жарык көргөн. Акындын жүздөгөн ырларына обон чыгарылган. Анын “Манастын уулу Семетей” (1982), “Сейтек” (1987), “Айкөл Манас” (1990) үчилтиги Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында, “Эр Төштүк”, “Ак Мөөр”, “Жукеев-Пудовкин”, “Терең кечүү” жана башка драмалары бир катар театрларда коюлган.

“Манастын уулу Семетей” эпикалык драмасы үчүн Садыковго Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылган. Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмери”, “Кыргыз эл акыны» наамдары ыйгарылган.
Жалил Садыков чыгыштын улуу акыны Омор Хаямдын “Рубаилерин”, Р.Гамзатов, К.Кулиев, А.Пушкин, М.Лермонтов, Т.Шевченконун, балкар акыны М.Кудаевдин жана Я.Шивазанын чыгармаларын которгон.

Анын ыр жана поэма жыйнактары ондогон элдердин тилине которулду, драмалык чыгармалары сахналардан үзүлбөй коюлуп келет.

Пикир

Оставить комментарий