• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Маданият министри Кадырбеков Курал Чокоев жана Кайрат Примбердиев менен жолугушту

Маданият 0

Бишкек, 18.01.21. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков эстрада ырчысы Курал Чокоев жана КР эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев менен жолугушуп, баарлашты.

Министрликтен билдиришкендей, жолугушуу жылуу маанайда өтүп, жаңы муун арасынан мыкты таланттарды таап, эл аралык деңгээлге алып чыгуу менен кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу багытындагы долбоорлорду ишке ашыруу идеялары талкууланды.

Министр менен эстрада ырчылары фонограмма көйгөйүн чечүү, массалык маданиятка жарандардын кызыгуусун арттыруу боюнча да пикир алмашты. Артка кылчактабай, эл-журтубуз үчүн мыкты, пайдалуу демилгелерди биргеликте аткаруу боюнча жалпы позиция такталды.

Эскерте кетсек, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги коомчулуктун терс реакциясын жараткан ырчы Курал Чокоевдин чуулгандуу автордук программасы боюнча талкуу жүргүзүп, чечимдерди кабыл алган.

Министрликтин 2011-жылдын 12-июнунда Курал Чокоевге ыйгарылган “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин кайтарып алуу буйругу чыккан. Ал эми Кайрат Примбердиевди “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамынан ажыратуу боюнча Маданият министрлигинин сунушу президенттин аппаратына расмий жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий