• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Экономикага өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоору артка кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. Кыргызстандын бизнес-коомчулугу КР президентинин “Экономикага өзгөчө кырдаал түшүнүгүн киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча көз карашын колдойт жана ыраазычылык билдирет. Бул тууралуу КР президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинен билдиришти.

Бул мамлекеттин башчысы Кыргызстандын экономикасынын стабилдүү өсүшүн камсыз кылуу үчүн бизнестин үнүн укту жана бизнести толук колдойт дегенди билдирет.

КР Экономика жана финансы министрлиги тарабынан демилгеленген аталган мыйзам долбоору ызы-чуу жаратканы эч кимге жашыруун эмес. Мыйзам долбоору керек экенин моюнга алуу керек, бирок мындан мурда кабыл алынган формула менен эмес. Аны бизнестин пикирин эске алуу менен кайрадан иштеп чыгуу керек.

Ошондой эле, экономикага өзгөчө кырдаал режиминин киргизилиши президенттин бизнести коргоо жана бизнестин жаңы өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жөнүндөгү жарлыгына каршы келген, анткени мыйзам долбоорунда көптөгөн жаңы коррупциялык тобокелчиликтер камтылган. Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн "саясий мүнөздөгү өзгөчө кырдаал" термининин өзү өтө түшүнүксүз. Бул мыйзамда көрсөтүлгөн эмес, бул мамлекеттик бийлик органдары жана кызыкдар тараптар тарабынан ар кандай дискреттик чечмеленүүгө жана колдонууга алып келиши мүмкүн. Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин бул чечиминде бизнес-коомчулуктун пикири эске алган эмес.

Пикир

Оставить комментарий