• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Экономиканын тармактарын жана ишкерлик субъектилерин колдоо боюнча иш-чаралардын II пакети иштелип чыкты

Өкмөт 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бизнести кошумча колдоо жана экономиканы баскыстуу калыбына келтирүү максатында экономиканын тармактарын жана ишкерлик субъектилерин колдоо боюнча иш-чаралардын экинчи пакети иштелип чыкты.

Иш-чаралардын экинчи пакетинде экономикалык ишмердүүлүктү баскычтуу калыбына келтирүү жана финансылык колдоо чаралары каралган, - деп маалымдайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Ошондой эле ал ишкердик субъектилерди жеңилдетилген насыялоо программасын жана салык келишиминин милдеттенмелерин кайра карап чыгууга багытталган бир катар фискалдык чараларды ишке ашыруу жана салыктар менен социалдык төлөөлөр боюнча карыздарды реструктуризациялоону жүргүзүү каралган 19 иш-чараны камтыйт.

«Биз каржылоо булактарын таптык. Кеп болжол менен 40 млрд сом тууралуу болуп турат. Анын ичинде Кумтөрдүн эсебинен 4,2 млрд сом, донорлордун эсебинен 14 млрд сом, тышкы карызды реструктуризациялоонун жыйынтыгы боюнча – 4,3 млрд сом бар. Ошондой эле 17,5 млрд сомго жакыны Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду сыяктуу башка булактардан болуп саналат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Муну менен катар учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан экономиканы кризистен кийинки калыбына келтирүүнүн жана өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү комлекстүү программасын даярдоо боюнча иштер жүрүп жатканын белгилеп кетүү керек.

Пикир

Оставить комментарий