• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте эл аралык гуманитардык укукту имплементациялоо боюнча комиссиянын чогулушу өттү

Коом 0

Бишкек, 03.02.33. /Кабар/. Кечээ, 2-февралда Юстиция министринин биринчи орун басары Зарема Аскарованын төрагалыгы менен жалпы максаттарды аныктап, биздин иштерибизди биргелешип координациялоого багытталган Эл аралык гуманитардык укукту имплементациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги чогулушу өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, чогулуштун жүрүшүндө күн тартиби бекитилип, андан кийин Комиссиянын жаңы курамы тааныштырылды, Эл аралык гуманитардык укукту имплементациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын 2022-жылга карата иш-чаралар планынын долбоору каралды жана бекитилди.

Андан тышкары, комиссиянын чогулушунун алкагында КРнын колдонуудагы мыйзамдарынын эл аралык гуманитардык укуктун нормаларына ылайыктыгын анализдөө үчүн жүргүзүлгөн изилдөөнүн натыйжалары жана жыйынтыктары презентацияланды.

"Бул изилдөө КР Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын Эл аралык мамилелерди анализдөө борборунда тышкы эксперттер тарабынан, КРдагы эл аралык гуманитардык укуктун имплементациясынын деңгээлин аныктоо жана өлкөдө илгерилетүү үчүн зарыл болгон эл аралык гуманитардык укук тармагындагы маселелерди/келишимдерди аныктоо үчүн даярдалган", - деп айтылат маалыматта.

Министрликтен белгилегендей, комиссия Эл аралык гуманитардык укукту имплементациялоо боюнча тийиштүү жылга карата иш-чаралар планын жыл сайын түзүп жана бекитет. Ал планга ченемдик укуктук актыларды эл аралык келишимдерге ылайык иштеп чыгууга, ошондой эле гуманитардык мүнөздөгү бир топ конвенцияларга кошулуу мүмкүндүгүн караштыруу боюнча аналитикалык иштерди жүргүзүүгө багытталган иш-чаралар киргизилет.

Пикир

Оставить комментарий