• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Майыптардын эл аралык күнүнө карата Бишкекте кайрымдуулук концерти өтөт

Маданият 0

Бишкек, 27.11.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Бишкекте 3-декабрда майыптар күнүнө карата кайрымдуулук концерти өтөт.
“Элим барсыңбы?” Коомдук кайрымдуулук фондунун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, топтолгон каражат жардам сурап кайрылган майыптарга жумшалат.
Фонд кайдыгер карабай жардам берүүнү каалаган жарандардын бардыгын концертке чакырат.
Башталышы саат 17:30, билет баасы – 300 сом.
1992-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы 3-декабрды Майыптардын эл аралык күнү деп жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий