• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эл каттоо: Казакстан калкынын саны 19,17 миллион кишиге жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 08.12.21. /Кабар/. Эл каттоонун жыйынтыгында Казакстандын калкынын саны 19 169 550 кишини түздү. Бул тууралуу 8-декабрда өлкөнүн премьер-министри Аскар Мамин билдирди.

Анын айтымында, өлкө калкынын 51,8% аялдар, 48,2% эркектер түзөт. 33,97% 17 жашка чыга электер болсо, 19,72% 14-28 жаштагылар түзөт.

Калктын орточо жаш курагы — 31,9 жаш. Өлкөдө ишке жарамдуу 11 320 410 жаран бар, бул өлкө калкынын 59,05% түзөт. Казак улутундагылар жалпы калктын 70,18% жеткен.

Казакстанда эл каттоо быйыл 1-сентябрдан 30-октябрга чейин жүргүзүлгөн. Расмий маалыматтар боюнча ага өлкө жашоочуларынын 42,5% онлайн катышкан.

Казакстанда буга чейинки эл каттоо 2009-жылы өткөн. Ага ылайык, өлкө калкынын саны 16 миллион кишини түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий