• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Ниязалиев менен Катардын ТИМ башчысы жолугуп, кызматташууну күчөтүүнү талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 14.02.19. /Кабар/. КРнын Катардагы элчиси Нуран Ниязалиев кечээ, 13-февраль күнү Доха шаарында Катардын Тышкы иштер боюнча мамлекеттик министри Султан бин Саад ал-Mурайхи менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Алардын маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө 2019-жылдын 31-январында өткөн эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын дeңгээлиндеги ТИМдер аралык саясий консультацияларынын жыйынтыктары каралып, саясий, соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарда мамилелерди күчөтүү талкууланды.

Мамлекеттик министр эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жогору баалап жана кызматташууну бекемдөөгө Катар Мамлекети кызыкдар экенин баса белгиледи.

Элчи Нуран Ниязалиев коюлган пландар биргелешип ишке ашырылса, кыргыз-катар мамилелери жаңы баскычка чыгат деп ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий