• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Бельгиянын парламенттер аралык кызматташтыгы талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 01.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси Айдит Эркин Бельгиянын Федералдык парламентинин Өкүлдөр палатасынын депутаты, Кыргызстан менен достук тобунун төрагасы Тим Ванденпут, ошондой эле Өкүлдөр палатасынын депутаты Өзлем Өзен менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө элчи Айдит Эркин Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар, социалдык-экономикалык өнүгүү динамикасы, ошондой эле туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча натыйжалуу чаралар тууралуу айтып берди.

Тараптар кыргыз-бельгиялык өз ара аракеттенүүнүн учурдагы деңгээлин канааттануу менен белгилешип, мындан аркы кызматташуунун перспективдүү багыттарын, анын ичинде айыл чарба, инвестиция жана соода тармагын талкуулашты. Ошону менен бирге туризм жана транспорттук өз ара аракеттенүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу байланыштарды, анын ичинде парламенттер аралык кызматташуунун мындан аркы пландарын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий