• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Үч-Коргон ГЭСнин №4 гидроагрегаты реконструкцияланат — Энергетика министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 01.03.24. /Кабар/. "Электр станциялары" ААКтын Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоо долбоорунун алкагындына 2024-жылдын 5-мартынан тарта аталган ГЭСтин №4 гидроагрегаты реконстукцияга берилет.

Эмгек министрлигинен бюилдиришкендей, "Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоо" долбоору Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат.

Үч-Коргон ГЭСин учурда жалпы кубаттуулугу 180 МВтты түзөт. (ар бири 45 МВт болгон 4 блок).

Долбоордун ишке ашыруунун негизги максаты:

- ГЭСтердин ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун жогорулатуу, калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо;
- ГЭСтин кубаттуулугун жана электр энергиясын иштеп чыгаруунун көлөмүн жогорулатуу;
- эксплуатациялоо жана оңдоо чыгымдарын кыскартуу.

Графикке ылайык, №4 гидроагрегатты реконструкциялоону аяктоо 2024-жылдын 16-ноябрына пландаштырылган.

Эскерте кетсек, аталган ГЭС Нарын дарыясынын каскадында курулган биринчи ГЭС болуп саналат. Ал 1962-жылы ишке киргизилген. Ишке киргизилгенден бери УКГЭС өзүнүн жабдууларын жана инфраструктурасын реабилитациялоону жүргүзгөн эмес. УКГЭСтин стандарттык иштөө мөөнөтү 30 жылды түзөт, анын мөөнөтү 1992-жылы аяктаган. ГЭСтин жабдуулары жана гидротехникалык курулуштары эскирип, начар абалда. Бүгүнкү күндө ГЭСтин иштебей калуу коркунучу жогору. Ушуга байланыштуу УКГЭСти модернизациялоо өтө маанилүү.

Маалыматка ылайык, быйыл эки гидроагрегат реконструкцияланат:

- Токтогул ГЭСнин №1 гидроагрегаты;
- Үч-Коргон ГЭСин №4 гидроагрегаты.

Пикир

Оставить комментарий