• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын биринчи этабына катышкан ID-номерлер жокко чыгарылды

Экономика 0

Бишкек, 04.07.23. /Кабар/. "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясынын катышуучулары тарабынан 2023-жылдын 1-июлуна чейин топтолгон жана утуштун биринчи этабына катышкан бардык ID-номерлер жокко чыгарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Лотереянын шарттарына ылайык, 2023-жылдын 2-июлунан тартып ID-номерлерди топтоо кайрадан башталды.

Экинчи турга 2023-жылдын 1-июлунан тартып 25-декабрына чейин берилген кассалык чектер катышат.

Биринчи этаптын жеңүүчүлөрү утуштун экинчи этабына катыша алышпайт.

Эскерте кетсек, 25-декабрдан 30-декабрга чейин лотереянын экинчи этабы өткөрүлөт, анда Бишкектен 10 батир, 10 электромобиль, чет өлкөгө 3 жолдомо, 500 iPhone14, 500 смартфон, 150 ноутбук, Дайсон маркасындагы 20 фен ойнотулат.

ККМдин кассалык чеги – керектөөчүнүн укугун коргогон документ. Кассалык чек талап кылып, укугуңуздун бузулушуна жол бербеңиз.

Ал эми Салык кызматы жарандарга пайдалуу менен жагымдууну айкалыштырууга уникалдуу мүмкүнчүлүк түзүүдө. Кассалык чек – бул керектөөчүнүн укугун коргоо гана эмес, лотереяга акысыз катышуу жана жаңы жылдын алдында баалуу байге утуп алуу мүмкүнчүлүгү.

Лотереяга катышуу үчүн "Салык чек" мобилдик тиркемесин жүктөп, каттоодон өтүңүз жана товарларды/кызматтарды сатып алуудан кассалык чектерди сканерлеңиз.

Пикир

Оставить комментарий