• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

4-июлга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 04.07.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору бүгүн, 4-июлга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +30...+35, Талас облусунда +25...+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32...+37, Ысык-Көл, Нарын облустарында +23...+28 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +33...+35 градуска чейин көтөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий