• 88.68
  • 95
  • 0.95

Транспорт министри “Сосновкадан” чогулган акча каражаты кайда жумшалып жатканын айтты

Коом 0

Бишкек, 15.04.24. /Кабар/. “Сосновка” көзөмөл-өткөрүү жайы автоматташтырылгандан бери Төө-Ашуу аркылуу өтүү акысынан түшкөн акча жыйымдары 40%га жогорулады. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев билдирди.

Министрдин айтымында, «Сосновкада» көзөмөл күчөтүлдү. Эми ар бир каалоочу пункттун ишин онлайн камера аркылуу көрө алат. Төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн аппараттар ишке киргизилүүдө. Бул өз кезегинде адамдык факторлорду азайтат.

2022-жылы 130 млн сом чогултулса, былтыр жыйымдар 40%га көбөйүп, 200 млн сомдой каражат түшкөн.

Эми айдоочулардан төлөмдөрдү QR-код аркылуу кабыл алуу пландалууда.

Ошондой эле министр «Сосновка» өткөрүү пунктунан чогулган каражаттар кайда жумшалып жатат деген жарандарды кызыктырып келген суроого жооп берди.

Т.Текебаев белгилегендей, жыйымдар Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жол фондусуна келип түшөт. Аталган фондго жалпысынан 16 булактан ушундай каражаттар топтолот. Айтылып жаткан «Сосновка» посту акча түшүүсү булактардын бири болуп эсептелинет.

Жол фондусундагы каражаттар болсо министрликтин бир катар долбоорлоруна жумшалат. Маселен, 13 млн доллар Ысык-Көл облусундагы Корумду — Балбай Баатыр жолун салууга багытталган.

Пикир

Оставить комментарий