• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте майрам күндөрү жол эрежесин одоно бузган 157 айдоочу аныкталды

Коом 0

Бишкек, 02.01.23. /Кабар/. Борбор калаада жаңы жылдык майрам күндөрү жол эрежесин одоно бузган 157 айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, майрам күндөрү Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагында күчөтүлгөн тартипте кызмат алып барышып, коомдук коопсуздукту жана жол коопсуздугун камсыз кылышты.

"Кызматкерлер жаңы жылдык майрам күнү шаар аймагында сутка ичинде 102 чакыруу кызматы боюнча 209 чакырууларды камсыз кылышты, ал эми жол коопсуздугу боюнча айдоочулар арасында жол эрежесин одоно бузган 157 айдоочуну аныкташты, анын ичинен 7 айдоочуну мас абалында унаа башкаргандыгын, 16 айдоочу тийиштүү документтери жок унаа башкаргандыгын аныкташып, 35 унаа каражатын айып аянтчысына токтотушту", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарынын тургундарынын жана конокторунун коопсуздугун камсыз кылуу максатында 8-январга чейин жолдогу көзөмөлдү күчөтүп, “Бахус” аталышында рейддик иш-чаралар өткөрүшөт.

Пикир

Оставить комментарий