• 88.68
  • 95
  • 0.95

Аксы районунда кесиптик лицейдин материалдык-техникалык базасы жакшырууда

Аймак 0

Бишкек, 15.04.24. /Кабар/. Аксы районундагы №53 кесиптик лицейдин материалдык-техникалык базасы жакшырууда. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Аталган лицейдин материалдык техникалык базаны чыңдоо максатында Жалал-Абад өнүктүрүү фонду тарабынан 1,5 млн сомдук ашкана жабдыктары алынып, окуу жайдын жана кызматкерлердин аракети менен ашкананын курулуш иштери башталган, учурда аяктоо алдында турат. Курулуш материалдары окуу жайдын өздүк каражаты жана демөөрчүлөр эсебинен алынып, курулуш иштерин толугу менен окуу жайдын кызматкерлери жүргүзүштү.

Ошентип, таза суу киргизилип, ысык суу, канализация, электр тогу жок учурунда иштетүүчү очоктору, тамак-аш сактоочу кампа, ашпозчулар кийим алмаштыруучу кана жана жылытуу системасы үчүн от канасы менен курулду. Учурда ички иштери толук бүтүп, пайдаланууга берилип жаңы 2023-2024 окуу жылына ашпозчу, кондитер кесиби ачылып, 25 окуучу окуп жатат.

Тигүүчү, бычмачы жана программалык камсыздоону иштеп чыгуучу кесиптеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду аркылуу 1 млн 577 миң 800 сомдук долбоор колдоого алынып, жабдуулар толугу менен сатылып алынган. 2023-2024 окуу жылына арограммалык камсыздоону иштеп чыгуучу кесиби ачылып, 25 окуучу окуп жатат.

Мындан тышкары, айдоочуларда даярдап чыгаруу, лицензиялык талаптарга ылайыктоо максатында автоунааларды айдап үйрөнүү аянтчасын, окуу жайдын кызматкерлеринин жардамы менен коргондоп, ичине жол кесилиштери, айланма жол, жол чырактары, жол белгилери жасалган. Андан сырткары эскилиги жетип рамасы калган Газ 53 автоунаасына 60 миң сом жумшалып толук капиталдык ремонттон чыгып, пайдаланууга берилди. Ошондой эле Кызыл-Туу айылынын Беларус 82,1 эксковатор-погрузчик тракторун окуу жайга окутуп үйрөтүү максатында өткөрүлүп алынган.

Аксы районунун акими З.Бейшеновдун тапшырмасы менен окуу жайдын ширетүүчү устаканасында тштанды контейнерлер жасалып, Кызыл-Туу айыл аймагына жана Сары-Челек көлүнүн жээгине пайдаланууга берилди.

Пикир

Оставить комментарий