• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Туризм департаменти туристтер үчүн QR-коддуу стенддерди даярдады

Коом 0


Бишкек, 12.07.23. /Кабар/. Туризм департаменти туристтер үчүн QR-коддуу маалыматтык стенддерди даярдады. Аларды иштеп чыгууга эл аралык өнөктөш ACTED жана Түркиянын кызматташтык жана координациялоо боюнча агенттиги (TİKA) көмөк көрсөткөн.

Департаменттин маалымат кызматынан билдиришкендей, жалпысынан туристтерге багыт бере турган 120дан ашык санариптик көрсөткүчтөр даярдалган. Учурда алар жергиликтүү бийлик тарабынан жер-жерлерде монтаждоо, орнотуу иштерин жүргүзүү үчүн аймактарга өткөрүлүп берилүүдө.

QR-кодду сканерден өткөрүп, туристтик жай жөнүндө, анын кыскача тарыхы, архитектуралык өзгөчөлүктөрү, саякаттоо маршрутун мерчемдөө жана башкалар жөнүндө маалымат алууга болот.

QR-коддор туристтерге керектүү маалыматты түздөн-түз мобилдик телефондон алууга мүмкүндүк берет жана туристтик жайларга барууга ыңгайлуу кылат.

Пикир

Оставить комментарий