• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбек Кулубаев Анталия шаарында азербайжандык кесиптеши менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 01.03.24. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бүгүн Түркияда III Анталья дипломатиялык форумунун аянтчасында Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен жолугушту.

КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле алдыдагы жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарларга даярдыктарды талкуулашты.

Түрк мамлекеттеринин уюмунун жана башка эл аралык жана регионалдык уюмдардын алкагында Кыргызстан менен Азербайжандын өз ара аракеттенүүсүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун соңунда министр Жээнбек Кулубаев Азербайжандык кесиптешинКыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий