• 88.68
  • 95
  • 0.95

Римде Кыргызстан демилгелеген "Эл аралык тоолор жылынын" жабылуу аземи өттү

Саясат 0

Бишкек, 27.04.23. /Кабар/. БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Рим шаарындагы штаб-квартирасында Кыргызстан демилгелеген "Эл аралык тоолор жылынын" жабылуу аземи өттү.

КР ТИМден билдиришкендей, иш-чара күн мурун, 26-апрелде Тоо шериктештигинин катчылыгынын колдоосу менен өтүп, ага чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын бийик даражалуу кызмат адамдары катышкан.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев видеокайрылуу жасап, өз сөзүндө Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы эл аралык өнөктөштөргө тоо демилгелерин ишке ашырууда көрсөткөн колдоосу жана практикалык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев онлайн сүйлөгөн сөзүндө тоолуу өлкөлөрдү жана эл аралык уюмдарды иш-аракеттердин беш жылдыгын натыйжалуу ишке ашыруу үчүн биргеликте күч-аракет жумшоого чакырды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антонио Гутерриш өзүнүн видеокайрылуусунда Эл аралык тоо жылын жигердүү илгерилеткендиги жана тоо күн тартибине көңүл бургандыгы үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдирип, эл аралык коомчулукту жалпы күч-аракетти 2022-жылы декабрда Нью-Йоркто кабыл алынган БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” резолюциясынын алкагында жарыяланган “2023-2027-жылдардагы Тоолорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын” жүзөгө ашырууга бурууга чакырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) башкы директору Цюй Дюнъюй Эл аралык тоо жылынын жыйынтыгын чыгарып, анын ийгиликтүү аякташындагы кыргыз тараптын ролун белгиледи жана ФАО мындан ары да "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын" ишке ашырууга даяр экенин билдирди.

Салтанаттын расмий бөлүгү Кыргызстандын комузчуларынын, ошондой эле Перунун квартетинин катышуусундагы маданий программа менен аяктады.

Маалымат үчүн: Кыргызстандын демилгеси менен 2021-жылдын 16-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын жүрүшүндө 2022-жылды Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы деп жарыялоо жөнүндө резолюция кабыл алынган. 2022-жылдын 28-апрелинде Тоо шериктештигинин Катчылыгынын колдоосу менен онлайн форматында Эл аралык жылдын ачылыш аземи болуп, анда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров видеокайрылуу жасаган.

Пикир

Оставить комментарий