• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Осоев Япониянын тышкы соода уюмунун вице-президенти менен кызматташтыкты талкуулады

Экономика 0

Бишкек, 05.02.24./Кабар/. Токио шаарында Кыргызстандын Япониядагы элчиси Эркинбек Осоев Япониянын тышкы соода уюмунун (JETRO) вице-президенти Наоюки Маекава менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы соода жүгүртүү чөйрөсүндө кызматташуу динамикасынын активдешүүсүн канааттануу менен белгилешти жана бир катар маселелерди талкуулашты.

Алар:

- Кыргызстандын JETRO менен кызматташтыгы, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Японияга расмий сапарынын алкагындагы 2023-жылдын 20-ноябрында Япониянын тышкы соода уюмунун (JETRO) башчысы Норихико Исигуро мырза менен жолугушуусунун жыйынтыктары;

- Кыргызстандын япон компаниялары менен инвестициялык жана технологиялык кызматташтыгын кеңейтүү, кичи жана орто бизнес үчүн япон жабдууларын/технологияларын Кыргызстандын рыногуна тартууга көмөктөшүү (көргөзмөлөрдү, форумдарды ж.б. уюштуруу);

- Кыргыз Республикасынын экономикасынын түрдүү тармактарында биргелешкен кыргыз-япон ишканаларын түзүү жана санариптик экономиканы өнүктүрүү боюнча долбоорлорду алдыга жылдыруу.

Мындан тышкары, жолугушууда элчи Эркинбек Осоев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тарабынан JETRO компаниясынын башчысы Норихико Исигурого Бишкек шаарында JETRO кеңсесин ачуу боюнча мурда айтылган сунушту колдоону суранды.

JETROнун вице-президенти Наоюки Маекава JETRO компаниясынын ишмердүүлүгү жана келечектеги пландары тууралуу кыскача маалымат берип, жогоруда айтылган кыргыз тараптын сунушу үчүн ыраазычылык билдирип, Бишкекте JETRO кеңсесинин ачылышы JETROнун эксперттери тарабынан Кыргызстандагы изилдөөлөр аркылуу изилденип жатканын кошумчалады.

Тараптар Кыргызстандын президенти менен JETROнун башчысынын жогорудагы жолугушуусунун жыйынтыктары кыргыз-япон бизнес кызматташтыгынын алкагында түрдүү программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп ишеним артырышты жана эки тараптуу өз ара пайдалуу жана узак мөөнөттүү өнөктөштүк кызматташууну тереңдетүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий