• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Душанбеде КР ТИМ башчысы менен Тажикстан президентинин жолугушуусу өттү

Саясат 0

Бишкек, 05.02.24. /Кабар/. Бүгүн Тажикстанга болгон расмий сапарынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевди Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМДин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуу учурунда Кулубаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан салам жолдоп, Тажикстан менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын приоритеттүү багыты экенин белгиледи.

Тышкы иштер министри маектешине Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекет башчылары тарабынан жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин, кыргыз-тажик кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрүн мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Эл аралык терроризм жана экстремизм коркунучтарына биргелешип каршы турууда кызматташуу, ошондой эле БУУ, КМШ, ЖККУ жана ШКУнун регионалдык жана эл аралык уюмдарынын алкагында өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашышты.

Расмий сапардын алкагында Жээнбек Кулубаев тажик мамлекетинин негиздөөчүсү Исмоил Сомонинин эстелигине гүлчамбар коюп, Кыргыз Республикасынын делегациясынын коштоосунда Рогун ГЭСинде курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий