• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Исламабад жана Лахор шаарларында кыргыз-пакистан бизнес-форуму өтөт

Коом 0

Бишкек, 05.04.22. /Кабар/. Бахавалпур шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Бахавалпур соода-өнөр жай палатасынын президенти Хафиз Мухаммад Юнус жана палатанын ардактуу мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Элчи Тотуяев Пакистан тарапка КРнын инвестициялык жана туристтик потенциалы тууралуу кеңири маалымат берди.

Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн, айыл чарба, туризм жана билим берүү тармагындагы өз ара пайдалуу өнөктөштүктү кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда, өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30-жылдыгынын алдында, Кыргызстандын элчилиги Бахавалпур соода-өнөр жай палатасынын ардактуу мүчөлөрүн 11-апрелден 16-апрелге чейин пландаштырылган Исламабад жана Лахор шаарларында өтүүчү кыргыз-пакистан бизнес-форумуна катышууга чакырды.

Маалымат үчүн: Бахавалпур соода-өнөр жай палатасы 1986-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө палатанын мүчөлөрү болуп аймактагы ар кандай компаниялардын 1800 өкүлү бар, анын ичинде пахта, күрүч, ун, өсүмдүк майы, кант, текстиль продукциясын өндүрүүчүлөрү.

Пикир

Оставить комментарий