• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эмгек министри: "Келечек" борборунда 400дөн ашык өзгөчө бала реабилитациядан өттү

Коом 0

Бишкек, 27.12.23. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова "Келечек" балдар реабилитациялык борборунда жаткан балдарды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Бул борбор президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен түзүлүп, бир жыл мурда анын катышуусунда ачылган. Бул убакыттын ичинде таяныч-кыймыл аппаратынын жана неврологиялык бузулуулары бар 400дөн ашык бала ар кандай кызматтарды алышты. Өлкөнүн бардык аймактарынан келген балдар жардамдарды алып жатканы абдан маанилүү", - деп белгиледи өз куттуктоосунда Гүлнара Баатырова.

Министр борбор мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын өнүгүүсүнө, коомго аралашууда мыкты натыйжаларга жетишүүгө жардам берип, ошондой эле ата-энелер менен да иш алып балырарын белгиледи.

Балдар үчүн майрамдык иш-чара уюштурулуп, Гүлнара Баатырова жаңы жылдык белектерди тапшырды.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жаңы жылдык белектерге демөөрчүлүк көрсөткөн Кыргызстан Кызыл Ай коомуна ыраазычылык билдирет.

Пикир

Оставить комментарий