• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги жылытуу пункттары жабылууда, ага 6 миңден ашуун жаран кайрылган

Коом 0

Бишкек, 17.01.23. /Кабар/. Бишкектеги жылытуу пункттары аба ырайынын жылышынан улам жабылууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Аталган пункттар ачылган күндөн тартып жалпы 6 миң 294 жаран кайрылган. Райондор боюнча алганда:

Свердлов районунун жылуулук түйүндөрүнө 2 783 адам;
Октябрь районунун жылуулук түйүндөрүнө 1 104 адам;
Ленин районунун жылуулук пункттарына 1 706 адам;
Биринчи Май районунун жылуулук түйүндөрүнө 701 адам кайрылган.

Эске салсак, борбордо 12 чатыр тигилген. Анда ӨКМдин кызматкерлери күнү-түнү нөөмөттө турушат.

Пикир

Оставить комментарий