• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эмгек министри Жумгал районундагы көп балалуу үй-бүлөгө жардам көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев иш сапары менен Жумгал районунун Чаек айылында болуп, ал жердеги көп балалуу Алыбаевдердин үй-бүлөсүнө КР президентинин атынан гуманитардык жардам тапшырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Мирлан Алыбаев жубайы Асел Сатарова менен бирге 10 баланы тарбиялап, муктаждардын катарына кирет. Президенттин атынан үй-бүлөгө жылуу жууркан, куртка, бут кийим, муздаткыч, кир жуугуч машина, 3 кап ун, 20 литр май, 1 кап кант түрүндө азык-түлүк тапшырылды.

Буга чейин Жумгал районунда "Социалдык контракт" долбоору ишке ашырылып, анын алкагында 50 муктаж үй-бүлөгө жеке бизнесин ачуу үчүн ар бирине 100 миң сомдон берилген.

Пикир

Оставить комментарий