• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эмгек министринин эки орун басары кызматынан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 11.03.24. /Кабар/. Нурдөөлөт Базарбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Белгилей кетсек, Базарбаев эмгек министринин биринчи орун басары кызматына 2023-жылдын сентябрында дайындалган.

Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон дагы бир тескемеге ылайык, Жаңыл Алыбаева эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары кызмат ордунан бошотулду.

Эске салсак, Жаңыл Алыбаева 2018-жылдан бери эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары кызматын аркалап келет.

Пикир

Оставить комментарий