• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эмгек министрлиги калктын маалымдуулугун жогорулатуу боюнча кызматкерлерди окутууну уюштурду

Коом 0

Бишкек, 27.03.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан эмгек рыногунда жана социалдык коргоо чөйрөсүндө көрсөтүлгөн кызматтар жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу боюнча тренингдер уюштурулду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Окутуу бүткүл өлкө боюнча министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн, биринчи кезекте "Социалдык контракт" программасын ишке ашырууну көзөмөлдөгөн кызматкерлери үчүн жүргүзүлөт. Ведомстводон белгилешкендей, быйыл мамлекет менен 100 миң сомдук социалдык жардам алуу боюнча келишим түзүлүп, 20 миң үй-бүлө өз ишин ачууга мүмкүнчүлүк алат.

Катышуучуларды тандоо критерийлери жөнүндө калкка максималдуу маалымат берүү жана Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун жакырчылыктан чыгуу боюнча демилгесин ишке ашыруунун ачыктыгын жогорулатуу үчүн ЖМК жана социалдык тармактар менен иштөө көндүмдөрүн жакшыртуу боюнча окутуу уюштурулган.

Ошондой эле өз иши жөнүндө калкты маалымдоо жана кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар менен байланышты жакшыртуу боюнча окутууну биринчи жолу ведомстволук түзүмдөрдүн – Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борборунун, Көндүмдөрдү өнүктүрүү фондунун, Медициналык-социалдык экспертиза борборунун, жатак-үй кызматкерлери өтүшүүдө.

Тренингдин катышуучулары кыргызстандыктарды иш менен камсыз кылуу чаралары, Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү, социалдык коргоонун ар кандай түрлөрүн максималдуу даректүү маалымдоо үчүн медиа продуктуларды жасоону үйрөнүшөт.

Пикир

Оставить комментарий