• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эмгек министрлиги: Кесиптик окутууга жиберилген жарандардын 62% ишке орношкон

Коом 0

Бишкек, 08.01.24. /Кабар/. 2023-жылы 8,5 миңден ашык кыргызстандык кесиптик окутууга жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет.

Ведомствонун маалыматына караганда, жумушсуз жарандарды окутуу негизинен эмгек рыногунда талап кылынган кесиптер боюнча жүргүзүлдү.

Алар:

  • компьютер оператору;
  • соода агенти;
  • ашпозчу;
  • косметолог;
  • чач тарач;
  • тырмак жасоочу;
  • укалоочу;
  • визажист;
  • котормочу;
  • 1С билими бар бухгалтери;
  • тигүүчү;
  • айдоочу;
  • электрогаз ширетүүчү жана слесарь-сантехник
  • аары багуучулук жана башка.

Министрликтин маалыматы боюнча, окуудан өткөндөрдүн 62% ишке орношкон. Мындан тышкары, бир жыл ичинде 12 миңден ашык адам убактылуу ишке орноштуруу тартибинде коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга жөнөтүлгөн.

Жалпысынан 2023-жылы Эмгек, социалдык камсыздоо министрлиги акы төлөнүүчү коомдук иштер жана кесиптик окутуу менен 20 миңден ашык жумушсуз жарандарды камтыды.

Пикир

Оставить комментарий