• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эми Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнө эт жөнөтө алат – Россия чектөөлөрдү алып салды

Коом 0

Бишкек, 14.02.19. /Кабар/. Россия Федерациясынын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөө боюнча Федералдык кызматы 2007-жылы коюлган убактылуу чектөөсүн алып салды. Бул тууралуу КРнын ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бул Кыргызстандын аймагындагы шарп оорусу боюнча эпизоотиялык абалдын жакшырышына байланыштуу. 2007-жылы коюлган чектөөнү алуу ветинспекциясынын директору Калысбек Жумакановдун Россиялык кесиптеши ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча Россия федералдык кызматынын жетекчиси Сергей Данкверт менен болгон жолугушууларынын жыйынтыгында жүзөгө ашты.

“Акыркы 3 жылдын ичинде Кыргызстандагы эпизоотиялык абалдын жакшырышы буга далил боло алды. Убактылуу чектөөнүн алынуусу менен эми Кыргызстан этти ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана Россиянын аймагында сатуусуна шарт түзүлдү. Ошол менен бирге, эми бир топ ишканалардын жана фермерлердин экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү кеңейет”, - деп берилет маалыматта.

Ал эми КРнын ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы кыргыз ишкерлеринин экспортоого мүмкүндүк алуусуна шарт түзүп берүү үчүн баардык иш аракеттерин жумшап келет.

Пикир

Оставить комментарий