• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош: Төрөт үйүндөгү бөлүм оңдоодон өткөрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 14.02.19. /Кабар/. Ош шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт стационары оңдоодон өткөрүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун калаа башчы Таалайбек Сарыбашов шаардык клиникалык ооруканасынын төрөт стационарынын ишмердүүлүгү менен таанышып чыккан.

Мэр төрөт үйүндөгү энелерден кабар алып, пикир алышты. Төрөт үйүнүн башкы дарыгери Зейнеп Исраилова бир топ көйгөйлөр бар экенин айтып өттү. Калаа башчысы дарыгерлер менен жыйын куруп, мэрия мекеменин төрөт бөлүмүн оңдоодон өткөрөөрүн, дарыгерлердин билимин арттыруу жаатында чет өлкөгө тажрыйба алмаштырууга жиберүү боюнча сүйлөшүү жүргүзө турганын айтты.

“Төрөт үйү ар бир адамдын бактылуу күндөрүн эске салат. Ошондуктан төрөгөнү келген ар бир энеге жакшы мамиле кылгыла. Акча талап кылуу болбосун. Биз да силерге шарт түзүп берели. Төрөт бөлүмүн шаардык мэрия оңдоп берели. Дарыгерлерди тажрыйба алмаштырууга чет өлкөгө жиберели. Төрөт үйүнө биринчи кезекте шарт түзүшүбүз керек. Жетишпеген аппараттарды да алууга аракет кылабыз”, - деди шаар мэри.

Төрөт үйүнүн ичи бир катар оңдоодон өтүп, ашканасы жаңыланган. Бир канча аппараттар алынган.

Жаңы төрөлгөн ымыркайларга жеринде күбөлүк берүү үчүн атайын бөлүм да ачылган.

Мэр төрөт үйүнөн тышкары С. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун түштүк филиалынын ишмердүүлүгү менен да таанышып кайтты.

Пикир

Оставить комментарий