• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эмине Эрдоган Кырчынга барчу жолдо тыгында калган, күнөөлүлөр жазаланат – Сагынбаев

Коом 0

Бишкек, 12.09.18. /Кабар/. Коопсуздук кеңешинин катчысынын Дамир Сагынбаев Ысык-Көл облусунун Кырчын капчыгайында үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн жүрүшүндө Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган жол тыгынына кабылган маалыматты тастыктады.

Анын айтымында, бул жагдай боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө.

“Мындай жагдайга жол берген адамдар тиешелүү жазаларын алышат, жада калса укук коргоо жана башка органдардан кызматтан кетишет”, - деди Сагынбаев.

Эске сала кетсек, 3-сентябрда Кыргызстан менен Түркиянын биринчи айымдары Айгүл Токоева менен Эмине Эрдоган үчүнчү ДКОнун алкагында Кырчында уюштурулган этношаарчага барышкан.

Белгилей кетсек, Кырчынга барчу жолдо алар автоунаа тыгынына кабылып, дээрлик бир саатка жакын турушкандыгы маалымдалган.

Пикир

Оставить комментарий