• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эмне үчүн COVID-19 илдети улгайган адамдар үчүн кооптуу?

COVID - 19 0

Бишкек, 28.02.23. /Кабар/. Республикалык штабдан эмне үчүн COVID-19 илдети улгайган адамдар үчүн кооптуу экендиги тууралуу айтып беришти.

Белгиленгендей, 60 жаштагы жана андан жогорку курактагы адамдар коронавирустук оорусунун жогорку тобокелдик тобуна кирет жана оорунун оор өтүшү аларда башкаларга караганда жогору.

Улгайган адамдарды коронавирус инфекциясынан коргонуунун эң натыйжалуу жолу бул эмдөө болуп саналат.

Кандай учурларда эмдөө жүргүзүлбөйт?

Курч ооруларда (курч респиратордук вирустук, курч ичеги-карын жугуштуу оорулары жана башка), өнөкөт оорулары күчөгөн учурда, мурда катуу аллергиялык реакциялар менен коштолгон болсо, эмдөө көрсөтүлгөн эмес.

Эмдөөдөн кийин эмне болушу мүмкүн?

Эмдөөдөн кийин ийне сайылган жердин оорушу, кычышуусу, шишиги, кызаруусу, дене табынын көтөрүлүшү, алсыздык, булчуңдардын жана муундардын оорушу мүмкүн.

Адаттагыдай эле бардык белгилер 1-3 күндүн ичинде өзүнөн өзү өтүп кетет.

Пикир

Оставить комментарий