• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Элчи Кемелова Кореядан коронавируска каршы вакциналар менен камсыздоого көмөк көрсөтүүнү өтүндү

COVID - 19 0

Бишкек, 01.07.21./Кабар/. Кыргызстандын Кореядагы элчиси Динара Кемелова Корея Республикасынын Улуттук ассамблеясынын Корея-Кыргызстан парламенттик достук тобунун башчысы Кан Ги-юн менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы парламенттер аралык кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Элчи Динара Кемелова Кыргызстанда болуп өткөн шайлоолор жана референдумдар боюнча маанилүү иш-чаралар, ошондой эле өлкө жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформалар жөнүндө маалымат берди. Мындан тышкары, ал эки өлкөнүн, тактап айтканда, кыргыз жана корей элдеринин саясий системаларынын демократиялык баалуулуктарга карата окшоштугун белгиледи.

COVID-19 темасын талкуунун алкагында Кыргызстандын элчиси вакциналардын жана заманбап медициналык жабдуулардын жетишсиздиги жөнүндө айтып, коронавирус эпидемияга каршы күрөшүү боюнча заманбап медициналык шаймандар (рентген аппараттары, желдеткичтер ж.б.) түрүндө Кыргызстандын потенциалын көтөрүүгө, ошондой эле коронавируска каршы вакциналар менен камсыздоого көмөк көрсөтүү өтүндү.

Маектешүүлөр ошондой эле соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты, анын ичинде билим берүү жаатындагы кызматташтыкты өркүндөтүү маселелери боюнча пикир алмашышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар диалогду жана кызматташтыкты улантууга макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий