• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстанда акыркы суткада 2 миң 436 адамдан коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.07.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 2 миң 436 адамдан табылды. Бул тууралуу coronavirus2020.kz. сайтына шилтеме менен “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 807, Алматы шаарында - 305, Шымкент шаарында – 143, Акмоло облусунда – 50, Актөбе облусунда - 66, Алматы облусунда - 52, Атырау облусунда - 98, Чыгыш-Казакстан облусунда – 78, Жамбыл облусунда – 27, Батыш-Казакстан облусунда - 121, Караганда облусунда - 394, Костанай облусунда - 51, Кызылорда облусунда - 35, Мангистау облусунда - 81, Павлодар облусунда - 64, Түндүк-Казакстан облусунда - 20, Түркестан облусунда – 44 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 425 миң 573 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий