• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19 менен ооруган бир бейтапты дарылоо үчүн мамлекет канча каражат коротот?

COVID - 19 0

Бишкек, 12.08.21. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Клара Өскөнбаева брифинг учурунда COVID-19 менен ооруган бир бейтапты дарылоо үчүн мамлекет канча каражат короторун айтып берди.

Анын айтымында, ооруканаларга акы төлөө үчүн, Милдеттүү медициналык камсыздоо фонду Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте COVID-19 менен ооруган бейтаптарды дарылоо жана байланышта болгон адамдарга байкоо жүргүзүү менен байланышкан учурлар үчүн төлөмдүн суммасын кайра эсептеп чыккан.

"Эсептөөлөр COVID-19 менен ооругандарга медициналык кызмат көрсөткөн алты саламаттык сактоо уюмунун иш жүзүндөгү чыгымдары боюнча маалыматтардын негизинде жүргүзүлгөн. Төлөмдүн өлчөмү ПЧР лабораториялык изилдөөлөрүнө кеткен чыгымдарды эсепке албастан эсептелет (коомдук саламаттык сактоо кызматы тарабынан жүргүзүлөт), жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга кеткен чыгымдар жана медициналык кызматкерлердин эмгек акысы эске алынбайт, анткени алар саламаттык сактоо уюмдарынын негизги бюджетинен каржыланат. Иштелип чыккан акы төлөө механизми коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптардын абалын эске алат (жеңил, орточо, оор жана өтө оор)", - деп белгиледи ал.

Коронавирус инфекциясын дарылоого байланыштуу ооруканага жаткыруу үчүн төлөмдүн өлчөмү:

- Оорусу женил даражадагылар үчүн – 1951 сом

- Оорусу орто даражадагылар үчүн – 4670 сом

- Оорусу оор даражадагылар үчүн – 18 329 сом

- Оорусу өтө оор даражадагылар үчүн – 37 843 сом

Мындан тышкары, Өскөмбаева белгилегендей байланышта болгон адамдарга байкоо жүргүзүү үчүн ооруканаларга төлөм төлөө каралган (1862 сом).

Пикир

Оставить комментарий