• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын аймагына кечке чейин 70 миңге жакын беткап жеткирилет

COVID - 19 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Кыргызстандын бардык дарыканаларына кечке чейин 70 миңге жакын беткап келип түшөт. Бул тууралуу бүгүн брифингде саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кабарлады.

Ал билдиргендей, 17-18-март күндөрү республика аймагына 630 миң даана беткап жеткирилген.

“Беткаптар келди, бирок элдер дүрбөлөңгө алдырып, баарын сатып алып жатышат. Белгиленген баасы 10 сом. Ар бир адамга паспорт менен 3 даанадан ашык сатылбайт”, - дейт министр.

Ведомствонун башчысы билдиргендей, бир компания 500 миң беткап тиккен, кечке чейин дарыканаларга 70 миңге жакын беткап келип түшөт.

Пикир

Оставить комментарий