• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Учурда кызматкерлерди коргоочу каражаттар менен камсыз кылуу толук чечилди деп айтууга негиз бар – Боронов

COVID - 19 0

Бишкек, 13.04.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата коргонуучу каражаттар боюнча эч кандай маселе жок. Кызматкерлерди коргоочу каражаттар менен камсыз кылуу толук чечилди деп айтууга негиз бар. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү өткөн маалымат жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө коронавируска каршы күрөшүү иштерине катышып жаткан бардык кызматкерлерге шарт түзүп берүү, тиешелүү коргонуучу кийимдер менен камсыз кылуу маселелери уюштурулган. “Коргонуучу каражаттар тууралуу айта турган болсок бүгүнкү күндө эч кандай маселе жок”, - деди ал.

Ал баса белгилегендей, айрым ЖМКларда, социалдык тармактарда жер-жерлерде айрым медицина кызматкерлеринде, блокпосттордо турган кызматкерлерде коргонуучу каражаттар жетишсиз деген маалыматтар чыгып жатат. “Эгерде кайсы бир аймакта кызматкерлер тиешелүү кийимдерди кийбей, же болбосо аларга жетишпей жаткан болсо, мен ойломун бул ошол аймактагы тиешелүү жетекчинин кемчилиги. Себеби, бүгүнкү күндө республика боюнча коргонуучу каражаттардын запасы жетиштүү”, - дейт Боронов.

“Медицина тармагындагы коргонуучу каражаттардын запасына токтоло кетсек, азыркы убакта республикада - 792 миң 836 беткап, бир жолку кийилүүчү коргонуучу костюмдар – 16 миң 388, көп жолу колдонулуучу коргонуучу костюмдар (8-10 жолу кийүүгө болот) - 13 миң 60, респираторлор - 41 миң 611, бахилалар - 410 миң 692, 6 миң 579 - коргонуучу көз айнектер, 6 млн 259 миң 603 колкаптардын кору бар”, - деп билдирди ал.

Ошондой эле Боронов кошумчалагандай бүгүнкү күндө жарандардан, Кыргызстанда иштеген чоң-чоң компаниялардан, башка мамлекеттерден жардамдар келип жатат. “Кечээ-бүгүн мындай жардамдарды алдык. Жетишпей жаткан тепловизор, термометрлердин маселеси дагы чечилүүдө. 50 тепловизор, 100 атайын портативдик термометрлерди алдык. Азыркы убакта аларды карантиндик посттордо турган кызматтарга бөлүштүрүү иштери жүрүп жатат”, - деп баса белгиледи биринчи вице-премьер.

“Андан сырткары айта кетчү нерсе, бүгүнкү күндө Саламаттык сактоо министрлиги атайын коргоочу каражаттардын 50 миң комплектисин сатып алды. Кызматкерлерди коргоочу каражаттар менен камсыз кылуу маселеси бүгүнкү күндө толук кандуу чечилип жатат деп айтууга толук негиз бар”, - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 13-апрелге карата коронавирус жуктурган 42 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 419га жетет. Алардын ичинен 67 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий