• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өлкө боюнча 528 адам обсервацияда, алардын 142си Сауд Арабиядан келгендер

COVID - 19 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Кыргызстан боюнча 528 адам обсервацияда жатканын өкмөттө болгон маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Анын айтымында, обсервациядагы 528 адамдын 142си Сауд Арабиядан кичи ажылыктан учуп келгендер.

"Обсервациялардын бири "Ганси" авиа базасында даярдалган. Ал жерде бардык шарттар түзүлгөн", - дейт министр.

Чолпонбаев кошумчалагандай, обсервацияларда даараткана, жууна турган жер бар, ошондой эле 3 маал тамак берилет.

Ал эми Сузак районунда коронавирус аныкталган үч жарандын абалы канааттандырарлык. Алардын дене табы 37,5°C болууда. Жөтөл жана саламаттыгы оорлобогонун министр белгилейт.

Белгилей кетсек, Умрадан учуп келген учакта 135 эмес, 144 адам экени аныкталды. Алардын 142си текшерилип, үчөөндө коронавирус аныкталган.

Сауд Арабиядан учуп келгендердин тизмеси боюнча 144 адамдын 142 адамы текшерилген. Эки жаран Кыргызстанда эмес болгондуктан алар текшерилген эмес.

Эскерте кетсек, 18-мартта саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганын билдирген. Илдетти жуктуруп алгандар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен.

Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий