• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Энергетика тармагындагы коррупция. 878 млн сомдук зыян келтирилип, 46 кылмыш иши козголгон

Коом 0

Бишкек, 31.01.23. /Кабар/. Энергетика тармагындагы коррупциядан мамлекетке келтирилген материалдык зыян 878 млн сомду түздү. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, прокурордук текшерүүнүн жыйынтыгы менен Энергетика министрлигине 163 прокурордук акт түзүлүп, 46 кылмыш иши козголгон.

“Кылмыш иштеринин көбү мамлекеттик сатып алуулар, мыйзамсыз баюу, электр энергиясын уурдоо жана өндүрүлгөн электр энергиясын мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий