• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эрдоган: КР менен Түркиянын ортосундагы достук мамиле мындан ары да бекемделишине ишенем

Саясат 0

Бишкек, 26.04.19. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев кечээ, 25-апрелде Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга Ишеним баракчасын тапшырды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматы боюнча, жолугушууда элчи президент С.Жээнбековдун атынан салам жолдоп, кыргыз-түрк кызматташтыгынын бардык тармактарына чоң маани берээрин белгиледи. Ошону менен катар элчи экономика, саясат, туризм, илим, билим жана башка тармактарды да баса белгилеп кетти.

Өз кезегинде Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстан менен Түркиянын боордош жана дос өлкөлөр экенин белгилеп, Кыргыз Республикасынын элчисинин дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады.

Түркиянын президенти Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы достук мамилелердин мындан ары дагы бекемделишине жана кеңейүүсүнө ишенээрин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий