• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эрназар Акматалиев UWW версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү

Спорт 0

Бишкек, 07.06.22. /Кабар/. Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Эрназар Акматалиев Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү.

Спортчу Бишкекте өткөн рейтингдик турнирде 3-орунду ээлеп, 5200 упай топтогон. Азыр анын 50 200 упайы бар жана 70 кг чейинки спортчулар арасында дүйнөлүк рейтингде 1-орунда.

Эске салсак, буга чейин спортчу 3-орунда болгон.

Пикир

Оставить комментарий