• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Тизме

Коом 0

Бишкек, 20.11.19. /Кабар/. "Киркомстром" суу кампасында оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Бишкектин айрым жерлеринде убактылуу ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 21-ноябрда эртең мененки саат 09:00дөн кечки 17:00гө чейин Абакан, Архангельской, Белгород, Кустанайск жана Тираспольск көчөсү менен чектешкен аймакта таза суу убактылуу токтотулат.

Ошондой эле төмөнкү жерлерде ичүүчү суу өчүрүлөт:

№37 бала бакча;

№42 мектеп;

Астраханск 31 көчөсүндөгү Балбарды коргоо борбору;

"Счастливая страна" бала бакчасы;

Дарыгер Бекбоевдин медициналык борбору;

"Бишкекжылуулук" ишканасы;

"Бишкекмультсервис" ЖАК;

"Нургаз", "ГМК Корунд", "Окно Роста" ЖЧКсы;

Жеке ишкер Васипов (кичи наабайкана) ;

"Шинкар" дүкөнү;

"Салтанат" кафе;

"Санжыра" чайкана;

"Меридиан" той залы;

№43 почта байланышы;

"Мастер Комп" компьютердик клубу;

"Роза" сулуулук салону;

"Гранд Плюс" дүкөнү;

"Азия радуга" кондитердик ишкана.

Эртең суу убактылуу өчүрүлгөнүнө байланыштуу мектеп жана бала бакчалар иштебейт.

Пикир

Оставить комментарий