• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эртең Бишкектин конуштарында жарык 9 саатка өчүрүлөт – “Түндүкэлектр”

Коом 0

Бишкек, 23.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Эртең саат 09:00дөн 18:00гө чейин Бишкектин конуштарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүкэлектр” ААК басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, Дордой-2, Энесай жана Келечек конуштарында жарык берүүнү токтотуу 220/110/10 киловатт “Башкы” көмөкчордонундагы оңдоо иштерине байланыштуу.

“Түндүкэлектр” ААКсы абоненттерден келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Маалымдама: 220/110/10 киловатт “Башкы” көмөкчордону Ленин айылында жайгашкан системалар аралык көмөкчордон. Анын жалпы аянты 9 гектар. Борбор шаардын түндүк бөлүгүн электр жарыгы менен камсыздайт.

Пикир

Оставить комментарий