• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эртең Ош шаарынын айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 10.06.21. /Кабар/ Эртең Ош шаарынын айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" компаниясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, орто басымдагы жер алды менен өткөн газ өткөргүчтө газдын сызылып чыгышы аныкталгандыгына жана аны тез аранын ичинде токтотуу керектигине байланыштуу эртең, 11-июнда саат 10:00дөн 16:00гө чейин Ош шаарынын Курманжан Датка, Маидов, Кыргыз жана Киев (8 март көчөсүнөн Мамажан көчөсүнө чейин) көчөлөрүндө жашаган абоненттерге жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат.

Оңдоо иштери 1972-жылы ишке берилген Курманжан Датка көчөсү аркылуу өткөн жер алдындагы газ өткөргүчтө жүргүзүлмөкчү.

“Газпром Кыргызстан” компаниясы жарандардан түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий