• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айсулуу Тыныбекова Польшадагы мелдештин финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 10.06.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Польшада өтүп жаткан күрөш боюнча Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open мелдешинин финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн расмий сайтында айтылат.

Мелдеш 8-13-июнь күндөрү Варшава шаарында өтүүдө.

Тыныбекова 62 кг салмакта алгач россиялык Любовь Овчарова менен килем үстүнө чыгып, аны 14:8 эсебинде утуп алды. Россиялык спортчуну уткандыгы үчүн мелдештин жарым финалына өттү.

Жарым финалда кыргызстандык спортчу россиялык Светлана Липатова менен кармашып, 3:1 эсебинде аны жеңип, мелдештин финалына чыкты.

Ошондой эле аталган мелдешке катышып жаткан Айпери Медет кызы (76 кг) жарым финалга чыкты.

Эскерте кетсек, эки спортчу тең 2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алган.

Пикир

Оставить комментарий