• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эртең Жалал-Абад шаарынын айрым жерлеринде таза суу берүү убактылуу токтотулат

Аймак 0

Бишкек, 14.04.21. /Кабар/. Эртең Жалал-Абад шаарынын айрым жерлеринде таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эртең, 15-апрель күнү саат 08:00дөн 16:00гө чейин Спутник, Көк-Арт кичи шаарчасында суу берүү токтотулат. Бул аймактардагы Манас проспектисиндеги, Р.Азимов, Победа көчөлөрүндөгү көп кабаттуу үйлөрдө суу түтүктөрү оңдолот.

Шаардык мэрия авариялык абалдан улам жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий