• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эстониялык эксперттер билим берүүдө санариптик өнүмдөрдү колдонуу тажрыйбасы менен бөлүштү

Билим 0

Бишкек, 26.05.23. /Кабар/. Эстониялык эксперттер билим берүү жана окуучулардын билимин баалоо тармагында санариптик өнүмдөрдү колдонуу тажрыйбасы менен бөлүштү.

Билим берүү жана илим министрлиги кабарлагандай, эксперттер менен Кыргызстандын билим берүү тармагынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу 25-майда Бишкекте өткөн. Ага билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева, Эстониянын элчиси Тоомас Тирс, Эстониянын Эл аралык өнүктүрүү борборунун долбоордук менеджери Анна Силем жана башкалар катышты.

Жолугушуунун катышуучулары Эстониянын Билим берүү жана жаштар департаментинин PISA боюнча улуттук координатору Гунд Тиренин “Билим берүүнүн сапатын баалоо системасы: Эмне үчүн Эстониянын окуучулары жогорку натыйжаларды көрсөтүп жатат?” темасындагы баяндамасын угушту.

Эстониялык эксперттер менен жолугушууга ошондой эле Кыргыз билим берүү академиясынын, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун, Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологиялардын улуттук борборунун, Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун кызматкерлери катышты.

Пикир

Оставить комментарий